Канатбек Бегалиев: "Бразилиядагы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курам 2 медаль алууну көздөйт"

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда 2 медаль тагынууну максат кылып жатат. Бул тууралуу курамдын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев 22-мартта маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Астанада өткөн Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеште кыргыз балбандары алдынкы орунду ээлеп, Иран, Япония жана башка мамлекеттерди артка калтырды.

Кошумчалай кетсек, Астанада өткөн мелдеште кыргыз спортчулары жалпысынан 4 жолдомо алып келишти. Алардын экөөнү грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү Жанарбек Кенжеев менен Мурат Рамонов алса, эркин күрөштүн өкүлдөрүнөн Магомед Мусаев Олимпиадага катышуу укугуна ээ болду. Ал эми кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынып, буга катар жолдомого ээ болду. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев жолдомо алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Patriot..kg
2016-03-22 18:54:19
биздагы тилектешпиз
0
Ernis.Kadyraliev
2016-03-23 02:28:34
эн башкысы медал жагынан озбекстан менен тажикстандан алдыда болсок болду
0
nursultan67
2016-03-22 18:54:23
Канчанчы местаны алдык азия оюндарында
0
nurkasym-2014
2016-03-22 20:26:03
Аракетке берекет.Талыкпай даярдангыла.Буюрса ийгилик болот.
0
wwwonline
2016-03-23 01:19:33
Arsen Eraliev menen Janarbek Kenjeevden medal kutobuz!!! Jakshylap dayardangyla, akyrky shans, sportsmenderdin jashy 30 dan ashkandan kiyin medal' alysh oto kyiyn da.
Umutubuzdu aktagyla, surnych!
0
sharolli
2016-03-23 16:16:01
Эмнеге грек рим боюнча 2 медал деп атат 3 спортсмен жолдомо алыптып 3 медал алууну коздойбуз дей берсин да
+1
Ernis.Kadyraliev
2016-03-23 16:25:11
sharolli,Грек рим ден 1 медал алсак да жакшы
0
baxa90
2016-03-24 15:26:29
жанарбек медал алат деген умут чон
0
baxa90
2016-03-24 15:27:00
эми бокстан жолдомо кутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан