6 жолку Олимпиада чемпиону Усэйн Болт Бразилиядагы Олимпиадада дагы 3 медаль тагынууну максат кылууда

Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 3 алтын медаль тагынууну максат кылууда.

Анын айтымында, бул анын карьерасындагы акыркы Олимпиада болмокчу. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Болт 200 метр аралыкты 19 секундада басып өтүп, өз рекордун жаңылоо ниетинде (мурунку рекорду 19,19).

"Дагы 4 жыл спорттук калыбымды сактап, 2020-жылкы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынам деген максат менен жашоо мүмкүн эмес. Андыктан Риодо максатыма жетсем, баары ойдогудай болот. Менин башкы максаттарымдын бири - 200 метр аралыкты 19 секундада багындыруу жана 3 алтын медаль тагынуу",- дейт 29 жаштагы спортчу.

Кошумчалай кетсек, 5-21-август аралыгында өтө турган "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 28 спорт түрүнөн 306 комплект медаль ойнотулмакчы.

Кыргыз мамлекетинин желеги астында аталган мелдешке катышуу укугун азырынча 8 гана спортчу алды. Жолдомону балбандардан Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Магомед Мусаев алса, жеңил атлеттерден Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nursultan67
2016-03-23 11:08:10
Дуйнодо N1жоо кулук
+1
Adi.Avazbekov
2016-03-23 11:17:51
Owondo 6 jolu olimpiadaga katywkanby je 2 olimpiadadan 6 jolu altyn alganby.
+1
Максат Кудайбердиев
2016-03-23 11:30:08
Adi.Avazbekov,Бээжин-2008де 3 алтын, Лондон-2012де 3 алтын тагынган.
+3
Adi.Avazbekov
2016-03-23 13:05:10
Максат Кудайбердиев,a tuwunuktuu rahmat.
+1
Patriot..kg
2016-03-23 14:15:14
Максат Кудайбердиев, болушунча кызыктуу. Көбүрөөк спорт жөнүндө маалымат чыгарсаңыздар
+1
nurkasym-2014
2016-03-23 11:27:30
Бул спортчу бир эле олимпиадада 4алтын алган болуу керек эле.А сууда сузуу боюунча Фелпс деген спортчу 8 алтын алган жайы бар.
+2
bazarkyl
2016-03-23 13:05:22
Усэйн Болт стойкасы болуш керек? (жаа аткандай болуп, бир өйдө көтөрүп, бир колун бүгүп турган жери)
+1
Ernis.Kadyraliev
2016-03-23 16:31:49
усейн 30га чыкканда футбол ойнойм деген чуркону таштап футболго кетет окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан