Кыргыз мушкерлери "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдешке катышуу үчүн Кытайга жөнөп кетишти

Кыргыз мушкерлери "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдешке катышуу үчүн Кытайга жөнөп кетишти. Мелдеш 21-марттан 4-апрелге чейинки аралыкта Гуйян шаарчасында өтөт.

Машыктыруучу Адылхан Бекболотов курамга Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Болотбек уулу Эркин (69 кг), Азат Усеналиев (52 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Адылбек уулу Эркин (81 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Бек Камчыбеков (60 кг), Ильяр Ахмедов (75 кг), Сергей Паренко (91 кг) сыяктуу мушкерлерди чакырган.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мушкерлердин мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциядан 2 миллион 149 миң сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
cico
2016-03-23 17:57:26
Ийгилик аллахым жолдомолор мн кайтышты насип кылсын
+2
MuslimNur95
2016-03-23 18:03:10
Ийгилик .
+1
Alibek-0001
2016-03-23 19:07:16
Ийгилик каалайбыз!
+2
nurkasym-2014
2016-03-23 20:40:18
Жолдомого ээ болуп келет деп ишенели.Ийгилик.
+1
koutinho
2016-03-23 22:36:31
ар бир мушкердин качан чыгаарын анан кайсы жактан корсо болоорун кошо жазып кетуунузду суранат элем.
+1
baxa90
2016-03-25 10:00:31
Боксчулардан жок дегенде 3 жолдомо кутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан