Австралия - Тажикстан - 7:0
Голдор: М.Луонго (2-мүнөттө), М.Йединак (13), М.Миллиган (57), Бернс (67, 87), Т.Рогич (70, 72)
Бүгүн, 24-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында Австралия курамасы Тажикстан курамасын кабыл алды. Алгачкы мүнөттөрдөн тарта үй ээлери чеберчилик жагынан атаандаштарынан айырмаланып, арты-артынан чабуул уюштурушту. Жыйынтыгында ири эсепте жеңишке жетишип, 3 упайга ээ болушту.
Кошумчалай кетсек, бул турда Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы ойнобойт. Учурда футболчуларыбыз Тажикстан курамасы менен 29-мартта боло турган беттешке даярданышууда (беттеш Дүйшөмбү шаарында өтөт).