Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча жоопко тартылып жаткан УКМКнын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-март күнү SUPER.KG порталына аталган академиянын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдирди.
Маалым болгондой, аталган окуу жайдын жетекчилери Башкы прокуратурага Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароону өтүнүп, кат жөнөтүшкөн. Бул өтүнүч боюнча 18-март күнү Аскер прокуратурасынан УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын айрым адамдарына карата "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Ошондой эле Аскер прокуратурасынын расмий жообунда “аталган чечим менен макул болсоңор, анда Башкы прокуратурага же Жогорку Сотко кайрылсаңар болот” деп айтылган.
"Биз Аскер прокуратурасынын жообун академиянын жетекчилер жыйынында карамакчыбыз. Эгерде жыйында аталган мекемеден келген жоопту адилеттүү деп тапсак, эч жакка кайрылбайбыз. Ал эми андай болбосо, жогорку инстанцияларга кайрылабыз, анткени бул иш адам өлүмү менен байланыштуу", - деп билдирди Пазылов.