Бишкектин Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева камакка алынды

Бишкек шаарынын Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 24-март күнү саат 23:30 чамасында Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан З.Жанабаева ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Иштин чоо-жайын прокуратура иликтеп жатканын башкармалыктан белгилешти.

Айта кетсек, 2015-жылдын декабрь айында Жол-патрулдук милициясынын бир катар кызмат адамдарына Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдалануу”, “кызматтык жасалмалык” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: 2015-жылдын 8-ноябрь күнү Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен Жол-кайгуул кызматынын Н.К. аттуу кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда мас абалында Ауди А4 үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан Н.К. нөөмөттө турган Жол-патрулдук милициясынын буйруктарына баш ийбей качып кеткен. Кызматтык унаа менен артынан кууп барган кызматкер менен мас абалдагы айдоочу жол кырсыгына учураган. Бул факт боюнча мас абалдагы кызматкерге карата кылмыш иши козголгон.

"Н.К. аттуу жаран 6-ноябрь күнү өз ыктыяры менен жумуштан кетти" деген буйрукка Жол-патрулдук милициясынын башчысы кол койгону белгилүү болгон. Бирок иликтөө иштеринин алкагында Н.К. 6-7-ноябрь күндөрү жумуш ордунда болгону аныкталган. Мекеменин башчысы Н.К. аттуу кызматкери аталган күндөрү өз кызматын өтөгөндүгүн билип туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, туура эмес датаны коюу менен буйрук чыгарган. Бул факт боюнча 17-декабрь күнү Октябрь райондук прокуратурасы Жол-патрулдук милициясынын башчысына жана башка тиешелүү кызматкерге карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмалык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
saru
2016-03-25 11:50:56
Башталдыыы!!!
0
admin_portal
2016-03-25 12:07:10
Supsuluu, саламатсызбы!
Маалымат такталып, толукталат.
0
Anarbek2015
2016-03-25 12:33:42
Ээ кудай Кыргызстанда камалбабаган соо Адам калабы баары эле.....
+1
aibek90
2016-03-25 12:38:06
бизге Раззаковтой адам керек
+2
hann
2016-03-25 12:46:44
аны деле камап коюшмак. Колунан иш келип, мыйзамдуу иш аракет кылгандар башы корунгон атка минерлерге жакпай корунот. Ал эле бул эле деп камай башташат негедир...
0
toni_1984
2016-03-25 13:39:17
бул бийлике иштеген адам эмес хоп шеф деген адамдар керек.... иштеген инсан деп мен М.Мырзакматовду айта алам аны эмне кылышты..........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан