Футбол боюнча улуттук курам Бишкекте "Алга" футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, беттеш улуттук кураманын 29-мартта Тажикстан менен болчу оюнуна даярдыктардын алкагында уюштурулду.
Маалыматка ылайык, алгачкы таймда улуттук курамадан Павел Сидоренко менен Антон Землянухин айырмаланышты. Экинчи таймда Кайрат Жыргалбек уулу 2 гол киргизип, эсеп айырмачылыгын 4 голго жеткирди.