ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: Мындан 29 жыл мурун футболчу Эмил Кенжесариев төрөлгөн

Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы 26-мартта кыргыз футболчусу, карьерасынын мыкты жылдарын Казакстанда өткөргөн Эмил Кенжесариев Кант шаарында туулган. Уулунун кызыгуусун көргөн апасы Чолпон аны 6 жашында Владимир Александров аттуу машыктыруучунун колуна берген. Ал кезде футбол секциясына балдар 8 жаштан алынса да, машыктыруучу анын жөндөмүнө карап секцияга кабыл алып, 8 жаштагы балдарга кошуп койгон.

Эмил Бишкектеги атайын адистештирилген №60-мектепте окуган. Мектепти бүтүп-бүтпөй, 2003-жылы канттык “Абдыш-Атада” топ тоголото баштайт. Ал эми улуттук курамда тушоосун 2004-жылы кескен. Эмил Кенжесариев Кыргыз Республикасынын чемпиондугунда 2003-жылы дебют жасап, 2004-жылы "Мыкты футболчу" аталган. Кыргыз мамлекетинин курама командасы үчүн 3 оюнда 1 гол киргизген. 2009-жылы Казакстандын жарандыгын алып, "Актөбе" клубуна кирген. Ага атактуулук “Актөбе” клубунда ойноп жүргөндө келген. 2008-2011-жылдар аралыгында ал клуб үчүн 140 оюн өткөрүп, 25 гол жараткан. Клубдун курамында 4 ирет (2006, 2008, 2009, 2013) өлкө чемпиондугун, 1 ирет (2008-жылы) өлкө кубогун уткан.

Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында оор абалда ооруканага жеткирилген. Комада жаткан футболчунун баш сөөгүнө дароо операция жасалган.

2014-жылы 15-январда "футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган" деген шек менен кармалган Казакстандын жараны, түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген 20 жаштагы Бейбит Узакбай соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алып, бирөөнүн ден соолугуна оор залака келтиргендиги үчүн 3 жылга кесилген.

26-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Patriot..kg
2016-03-26 12:55:03
Кыргызстанда эле ойной берсең болмок. Жок дегенде улуттук курам үчүн
+2
Ainurhi
2016-03-26 12:57:52
Ушунчалык мыкты оюнчу оз олкосуно кызмат коргозбогону окунучтуу.Барып ойносун, бирок, гражданство алганга чейин кетпей эле койбоптур.Кыргыз эли ким экен деп тааныйт баарыбызга белгилуу го..
+1
eldar.
2016-03-26 13:10:01
Ainurhi,+++
0
ASELENOK
2016-03-26 13:48:16
өчүрүштү муну да
-1
elmurat.kg
2016-03-26 22:49:19
оюнга кайтабы эми ???
0
Khabib
2016-03-27 01:25:12
казактар жакшырак конул бурса керек да менин эн жек коргон адамдарым ушундай адамдар таланты баар оз улуттуна жумшабай сатылып кеткендер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан