Бишкекте кикбокс боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталып, чемпиондор аныкталды (фоторепортаж)

Бүгүн, 27-мартта Бишкекте кикбоксингдин лоу-кик түрү боюнча өткөн өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдешке 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар катышып, бир катар салмактарда жеңүүчүлөр аныкталды.

Күндүн башкы беттеши катары 57 килограмм салмактагы финалдык беттешти айтууга толук негиз бар, себеби финалда чыгаан спортчулар Авазбек Аманбеков менен Уланбек Касымбеков кез келишти. Бул эки спортчу тең эл аралык мелдештерде көп ийгиликтерди жаратып жүрүшөт. Буга чейин 54 килограмм салмакта рингге чыгып жүргөн Уланбек Касымбеков бул жолу жогорку салмакта күчүн сыноону чечкен. Ал эми Авазбек ушул салмакта 1-орунду эч кимге бере элек. Күйөрмандардын бактысына мушкерлер финалда кездешип, башкаларга жогорку ылдамдык, чеберчилик жана акырына чейин багынбоо боюнча мастер-класс көрсөткөндөй болушту. 3 раунд ичинде эки мушкер тең рингде мыкты сапаттарын көрсөтүштү. Жыйынтыгында калыстар Авазбекти жеңүүчү деп табышты.

Жеңүүчүлөр:

51 килограмм салмакта

1-орун. Муса Паншаров ("Мангуст" клубу)

2-орун. Ш.Пазилов ("Нефтичи")

3-орун. Акрам Баратов ("Мангуст"), Ш.Кабутов ("Мангуст")

54 кг

1-орун. А.Кимсанбаев ("Нефтичи")

2-орун. Рахимжон Саидислом уулу ("Космос")

3-орун. К.Чынкараев ("Космос"), Н.Бурпанбек ("Ынтымак")

57 кг

1-орун. Авазбек Аманбеков ("Маралбек")

2-орун. Уланбек Касымбеков ("Алыш")

3-орун. Чыңгыз Бегматов ("Восток"), Али Сулеев ("Мангуст")

60 кг

1-орун. Рустам Ибрагимов ("Маралбек")

2-орун. Нурсултан Шамшиев ("Маралбек")

3-орун. Курманбек Мурзураимов ("Маралбек"), Жанжигит Абдухалилов ("Маралбек")

63,5 кг

1-орун. Икбол Фозилжон уулу ("Космос")

2-орун. Алжигит Максат уулу ("Ынтымак")

3-орун. Токтосун Исманов ("Маралбек"), Нематилло Хасанов ("Як-Лотос")

67 кг

1-орун. Урмат Сартбаев ("Маралбек")

2-орун. Семейнур Калпетов ("Маралбек")

3-орун. Исламидин Шарапов ("Як-Лотос"), Гайбулло Мамадалиев ("Космос")

71 кг

1-орун. Адилет Бекжан уулу ("Алыш")

2-орун. М.Абдрахманов ("Лотос")

3-орун. Куттубек Маткерим уулу ("Мангуст"), Данияр Карыбеков ("Ош-Азия")

75 кг

1-орун. Сыргак Сагынбай уулу ("Гермес-профи")

2-орун. Шамиль Тагиров ("Маралбек")

3-орун. Н.Садабаев ("Мангуст"), Келечек Оросбек уулу ("Алыш")

81 кг

1-орун. Азиз Мумузиев ("Мангуст")

2-орун. Баяман Таалайбеков ("Гермес")

3-орун. К.Рустамбеков ("Мангуст"), К.Каныбек уулу ("Таймаш")

86 кг

1-орун. Олжобай Кудайберди уулу ("Гермес-профи")

2-орун. Б.Жолдошбеков ("Маралбек")

3-орун. Талгат Абдыкалыков ("Гермес-профи"), Сергей Дубов ("Мангуст")

91 килограммдан жогорку салмак

1-орун. Асхат Жантурсынов ("Гермес-профи")

2-орун. Куан Абдраимов ("Маралбек")

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nursultan67
2016-03-27 19:49:30
Маралбек кучтуу клуб окшойт
+1
Asadulla
2016-03-27 21:58:51
Данрярды Эми Шайлообек агай же согот же барктайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан