Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы 27-мартта Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына жөнөп кетти. Командалар Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 10-турунда өз ара беттешишет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Дүйшөмбү шаарына жалпысынан 20 оюнчу аттанды. Айрым себептерден улам коргоочулар Тамерлан Козубаев, Турсунали Рустамов жана дарбазачы Руслан Амиров Тажикстанга жөнөгөн жоон топко кошулган жок.
Футболчуларыбыз бүгүн, 28-мартта Дүйшөмбүдө алгачкы машыгуусун өткөрүштү. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин жетектеген курамда төмөнкү 20 футболчу бар:
Дарбазачылар: Павел Матяш ("УиТМ" футболдук клубу, Малайзия), Валерий Кашуба ("Дордой").
Коргоочулар: Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия), Виктор Майер ("Меппен", Германия), Курсан Шератов, Шерзот Шакиров, Дениэл Тего (баары "Дордой"), Эдгар Бернхардт ("Аль-Оруба", Оман).
Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Крумкачы", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Академия", Молдова), Ахлетдин Исраилов ("Динамо-2", Украина), Антон Землянухин ("Сисакет", Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары "Дордой"), Павел Сидоренко ("Алга"), Мирлан Мурзаев ("Афжет Афьонспор", Түркия)
Чабуулчулар:
Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Дэвид Тэтте ("Дордой").
Кошумчалай кетсек, Тажикстан - Кыргыз Республикасы беттеши 29-мартта Бишкек сааты боюнча 19:00дө башталат.