Улуттук кийим - ар бир элдин өзгөчөлүгүн билдирген кылымдан кылымга, атадан балага өтө турган, тарыхтын, маданияттын бөлүгү. Кыргыздын баш кийимдери өзгөчө маанилерди камтыйт. Бул макалада биз ар бир баш кийим эмнени түшүндүрүп берерин көрсөтүүнү чечтик.
Чач өрүм
Илгери кыргыздар кыз баланын эки же үч жашынан баштап төбө чачын «айдар чач» деп коюшуп, улам жыл өткөн сайын ага чач кошуп өрүп турушкан. Беш жашында саамай чачтарын өрө башташкан да, ал курагын «секелек» деп аташкан. Жашы чоңоюп, чачы өскөн сайын тал-талдап өрүшүп, саамай чачы беш өрүмгө жеткенде «беш көкүл» деп аташкан. Ошондон тарта аны өзүнүн сеп камын көрүүгө үйрөтүшкөн.
Такыя
Кыз бала узчулук өнөргө колуна ийне алары менен аралашып кеткен эмес. Алгач ага жүз аарчы сайдырышкан, мына ошол жүз аарчы сайылып бүткөндө анын жашоого даярдыгы башталгандыгын туюшуп, ага такыя кийгизишкен. Такыя аппак кийизден жасалып, таптаза болгон. Кыз баланын өнөрү жетилип, өз себин өзү даярдай баштаганда, анын даярдыгына жараша такыяга оюмдар түшүрүлгөн.
Үкү топу
Кыздын даярдыгы толук бүткөнгө чейин эч кандай куда келип макулдашуу сөзү бүтпөсө, анда ага үкүнүн канаттары тагылган топу кийгизишкен. Топудагы үкүнүн тарамдалышына карата анын үй-бүлөдө канчанчы кыз экенин да түшүндүрүп бере алышкан. Ал эми топуга чөгөрүлгөн таштар анын атасы канчалык оокаттуу экенин көрсөтсө, топунун бийиктиги атасынын даражасын айкындап турган.
Шөкүлө
Эгер кыздын себи даяр болуп, айрым учурда даяр эмес мезгилде деле кайын журту калыңын өткөрүп койсо, андай кыздар башынын бош эмес экендигин билдирип шөкүлө кийишкен. Эң кызык жери, шөкүлөдө чолпу, чач учтуктар кыздын бара турган жеринин канчалык бай жана мансаптуу экендигин билдирип турган. Ошондуктан кайын журту шөкүлөнү даярдоодо өздөрүнүн болгон жакшы сапаттарын белгилеп кетишкен. Бул эки айылдын уул-кыздары биригип кыз оюн курганда, кыз менен жигиттин өз ара пикир алышуусуна өтө ыңгайлуу шарт түзүү менен алардын кимисинин башы бош, кимисинин кайындап койгон жери бар экендигин баш кийимдер сүйлөп беришкен.
Шөкүлө салт боюнча кийинки сиңдилерине сакталат. Демек, кыз турмушка чыккан жерине кийип барып, үч-төрт күндөн кийин шөкүлөнү кайра ата-энесинин үйүнө жиберет.
Колуктулар кийген элечек
Кыргыз кызы турмушка чыккан соң элечек кийип калган. Колуктулар кийген элечектин маңдайы шуруланат. Бул «шуру тартма элечек» деп аталат. Элечектер кээде күмүш калдыркан, күмүш желбирөөчтөр менен да чебер кооздолуп, укмуштай кыргакталат. Бул элечек койкойто мыкты оролуп, чакан элечек болот.
Улгайгандардын элечеги
Улгайган адамдар кийген элечек жөнөкөй оролуп, көлөмдүү көрүнөт. Сыртынан чоң ак жоолук менен жабылган. Аза күткөн (же жесир) аял кара бүркөгөн элечек кийген. Ал эми көзү өткөн адамдын жакын туугандары элечектин ээк алмайынын бир жаагын бошотуп да жүрүшкөн.
Калпак ак уяң жүндөн жасалат
Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылган кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы делген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Кыргыз өмүрү канча кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой узак уламалуу санжыра.
Тебетей - кыргыз элинин салттуу баш кийимдердин бири
Ал суусардын, сүлөөсүндүн, түлкүнүн, кундуздун жана башка баалуу аң терилеринен тигилген тегерек баш кийим. Тебетейдин тышы адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигилет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме тыш жаштар кийүүгө ылайыкташат. Ичине кебез менен жүн салынып шырылат. Анын дубайнасынын ортосунда жүн же кебез имериле коюлуп тигилет. Тебетейдин төрт талаасы бириктирилип, капшыра тигилгенде кийимдин төбөсү төрт бурч болуп чыгат.