Кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев профессионалдык рингде алгачкы жолу жеңилүү ызасын тартты

Кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев профессионалдык карьерасында алгачкы ирет жеңилүү ызасын тартты. Мушкердин менеджери кабарлагандай, 26-мартта орун алган беттеште У.Рыскелдиев америкалык Арон Кулиге утулуп калды.

Урматтын карьерасындагы 10-профессионалдык беттеш 70 килограмм салмакта өтүп, 6 раундга созулду. Жыйынтыгында калыстар упай эсебинде Арон Кулини жеңүүчү деп табышты.

Кошумчалай кетсек, Урмат Рыскелдиев учурда Америкада жашап, бокс менен алектенип келет. Буга чейинки 9 беттешинде ал 7 ирет жеңүүчү аталса, 2 беттеште тең чыгуу катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан