Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Борбор калаадагы А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринен өрт чыкты. Анда кафенин жыгачтан тургузулган 5 чарчы метр капталы күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна белгисиз адамдардын күйүүчү май чачып атайын өрт койгону себеп болгон.