Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында эки жөө жүрүүчү жабыркады

Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында эки жөө жүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта "Тез жардам” кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 28-мартта саат 08:09 чамасында Фучик жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 38 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Аталган жерге барган “Тез жардамдын” кызматкерлери жабырлануучуга тиешелүү жардам көрсөтүшкөн. Ошондой эле саат 17:14 чамасында Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 35 жаштагы аялды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер жаракаттарды алган жөө жүрүүчүгө алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, аны ооруканага жеткиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан