"Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу, дүйнөнүн мыкты футболчусу катары 5 ирет "Алтын топ" сыйлыгын алган Лионель Месси "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналдунун сыйлыктары тууралуу ой бөлүштү. Мессинин пикири боюнча, Роналду 3 ирет "Алтын топ" сыйлыгын татыктуу түрдө алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
"Криштиану Роналду 3 жолу тең "Алтын топ" сыйлыгын татыктуу түрдө алган. Улуттук курамалардын машыктыруучулары, капитандары ага жеңүүчү катары добуш беришкен. Анын мыкты экенине шек санай албайм",- дейт Месси.
"Алтын топ" сыйлыгын 2008-жылдан тарта Криштиану Роналду менен Лионель Месси өз ара бөлүшүп келет.
Кошумчалай кетсек, Испания чемпиондугунун 31-турунда "Барселона" өз майданында "Реал" футболдук клубун кабыл алат.