Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча экинчи соттук кароо башталды. Соттук кароодо күбөлөр кезек-кезеги менен залга чакырылып суракка алынууда.
Суракка айыпталуучу Майрам Акунова менен жарандык никеде жашап жүргөн күйөөсү Канатбек Эсеналиев чакырылды. "Мен айыпталуучу менен 2015-жылы апрель айында таанышкам. Экөөбүз 2 ай сүйлөшүп, анан баш кошконбуз. Кийин айылга жашаганга кетип, 5-6 айдай чогуу жашадык. Ноябрь айынын аягында ага эжеси телефон чалып, апасы каза болгонун айтты. Эртеси ал Казарманга кетип, мен кызын алып калгам. Акча жоктун айынан мен бара алган жокмун. Телефон чалып сураштырсам, кыркы болсун деп койду. 10-декабрда мага милициядан телефон чалып "кызын алып кел" деп айтышты. Жолдон тааныштарым аркылуу окуя тууралуу угуп, бирок ишенген жокмун",- деди Канатбек Эсеналиев.
Ал эми айыпталуучу суроолорго жооп берип жатып: "Апам тирүү, ал кезде мен акчанын тартыштыгынан улам шаарга келип иштегенге туура келди",- деди.
Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.