Улуттук кураманын күйөрманы 10дой унаа алмаштырып, 2 миң чакырымдай жол жүрүп Бишкектен Дүйшөмбүгө жетти

Бүгүн, 29-мартта футбол боюнча улуттук курамабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда акыркы беттешин өткөрөт. Дүйшөмбү шаарында футболчуларыбызга Тажикстан курамасы каршы турмакчы. Анда Борбордук стадионго 24 миң күйөрман келери күтүлүүдө.

Улуттук курамабыздын күйөрманы Эсеннур Алмазбеков өзгөчө ыкма менен эл эсинде калмай болду. Ал жол кире коротпой, өздүк унаасын айдабай, учакка алган билети жок Бишкектен Дүйшөмбүгө сапар алган. Ал учурда көздөгөн жерине жетип, футболчуларыбыздын машыгуусуна күбө болуп, аларга ийгилик каалаганга жетишти.

Түшүнүктүүрөөк болсун үчүн Эсеннурдун "автостоп" ыкмасын колдонгонун айта кетели. "Автостопто" сапарга чыккан адам жолдо бош унааларды тосуп, мерчемдүү аралыкка чейин ала кетүүнү суранат. Унаа ээси, албетте, андан каражат сурабоого тийиш. Э.Алмазбеков Бишкектен Ошту көздөй жол алып, ордолуу Ошко жеткенче 7 унаа алмаштырганын айтат. "Мен дааватчылар менен да, аскер кызматкерлери менен да, кадимки айыл тургундары менен да жол жүрүп калдым. Жалал-Абад жана Ошту алгачкы жолу көрдүм",- дейт ашынган күйөрман.

Ош шаарын кыдырып, сейилдеп алган соң Эсеннур Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылына жөнөгөн. Дал ушул айыл аркылуу Тажикстан менен Кыргыз Республикасынын чек арасына бет алган. "Кара-Мыктан Тажикстандын чек арасына чейин 350 чакырым аралык бар экен. Саат 14:00дө жолго чыккам, бир топ жол жүргөн соң айдоочу мени түшүрүп койду. Чек арага 13 чакырым басыш керек болуп калды. Анан чек ара кызматкерлерин жолуктурдум",- дейт туристке айланган күйөрман.

Анын сапары тууралуу уккан чек арачылар аны тозоттон өткөрүп, тамак берип, уктаганга шарт түзүшкөн. Эртеси таң атпай саат 6да жүк ташыган унаага отуруп Дүйшөмбү шаарына жөнөгөнүн айтат Эсеннур. 21 саат жол жүргөн соң көздөгөн жерине жетип, улуттук кураманын оюнчуларынын машыгуусуна барып, аларды колдогонго жетишкен.

Макаланы жыйынтыктоодон мурун, сапарын жыйынтыктаган жигиттин сөзүнө орун берели: "Тажикстандын жолдорун көрүп, жон терим менен сезип, ыйладым. Жолдо уюлдук телефонум жоголду. Анан стадионго жетип, "Алга, Кыргызстан!" деген ураанды кыйкырып жатканда көпчүлүк түшүнбөй "жинди болгон го" деп кабыл алышты окшойт. Машыгуудан кийин футболчулар мени мейманканага жайгаштырышты. Менде баары жакшы, эмне болуп жатканына али ишенбей турам. Мекенди сүйгүлө, кыргыз футболун сүйгүлө!"

Футбол үчүн Бишкектен Дүйшөмбүгө 10 чакты унаа алмаштырып жеткен күйөрман
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Alibek-0001
2016-03-29 15:19:26
Красавчик
+10
Futuro
2016-03-29 15:35:38
Стадионго билет бар бэле өзү? Жэ билет да жокпу?
+2
bazarkyl
2016-03-29 15:36:48
Чынында мыкты жигит экенсин. Мага кызыгы автостоп деген эмне, уюмбу, аны менен кантип иштесе болот? күлбөгүлө, көп жерден угам бирок маалыматым жок.
+3
sladkaja_konfetka
2016-03-29 15:45:23
bazarkyl,мени ала кетесизби, акчам жок эле дегенди "автостоп" дейт
0
tashi62
2016-03-29 15:37:56
Эркексиң! !алга Кыргызстан мен сени сүйөм.
+2
talant87
2016-03-29 15:40:56
кудайым сенден аракет менден берекет деп айткан экен пендесине ал кулум десе болду кудайым
+3
Ainurhi
2016-03-29 15:43:15
Тан калып жатам чындыгында.
+2
kama_future_millioner
2016-03-29 16:21:19
азаматсын мээнетин чоон экен
0
Maks_shop
2016-03-29 16:23:31
Онлайн корсо болот бекен
+4
AKCAHAT
2016-03-29 16:33:17
Чыныгы куйорман !
+2
MAN-CITY
2016-03-29 17:19:36
Super. текстовый трансляция кылсанар болбойбу?
+2
admin_portal
2016-03-29 17:29:24
MAN-CITY, саламатсызбы! Аракет кылабыз.
0
amanatym
2016-03-29 17:21:52
ушундай патриот болоук, командабызды жениш менен кутобуз.
0
sharolli
2016-03-29 17:34:46
Мына сага эркек!!! Эн башкысы ниетин туз максатын барбы? Анда артка чегинбе сени Кудайым озу колдойт!!!
0
edik.toloikon
2016-03-29 21:01:01
эркек экенсин досум
0
taalai9411
2016-03-29 21:08:18
Мына чыныгы патриот
0
football1
2016-03-29 22:38:18
Молодец, патриот деген ушундай болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан