Австралия курамасы башкы атаандашы Иорданияны 5:1 эсебинде утуп, футбол боюнча Азия чемпиондугуна жолдомо алды

Австралия – Иордания 5:1

Голдор: Тим Кэхилл (24-мүнөттө, 44-мүнөттө), Арон Муй (39), Том Рогич (53), Массимо Луонго (69) - Диб Абдулла (90-мүнөттө).

Бүгүн, 29-мартта Австралиянын Сидней шаарында Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Австралия курамасы Иорданияны кабыл алды. Оюндун жыйынтыгына карабай эки команда тайпада алдынкы 2 орунду ээлеп, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн күрөштү улантат.

Австралия бул жеңиши менен 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондугуна жолдомо алды. Иорданияда да Азия чемпиондугуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок азырынча иорданиялыктар башка тайпалардагы оюндардын жыйынтыгын күткөнгө мажбур. Себеби Азия чемпиондугуна 8 тайпада 1-орунду алган 8 команда жана 8 тайпада 2-орунду алган 4 мыкты команда түздөн-түз чыгат.

Мелдеш жадыбалында төмөнкүдөй өзгөрүү болду:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bektursun2010
2016-03-29 18:48:46
буйрса бугун биздикилер да 5-0 эсебинде женип келет.
+1
edik.toloikon
2016-03-29 20:53:49
биздикилер 1:0 кылып женди
+1
suarez09
2016-03-29 23:31:39
Дуйно чемпиондугуна эмеспи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан