Тажикстандын Футбол федерациясынын жетекчилиги футбол боюнча курама команданын машыктыруучулар штабын кызматтан кетирди. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу Мубин Эргашев командасы менен кызматтан алынды. Мунун себебин федерация улуттук кураманын Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда канааттандырарлык эмес жыйынтык көрсөткөнү менен түшүндүрдү. Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда Тажикстан курамасы "В" тайпасында 4-орунду ээлеп калды.
Тандоо турунун жыйынтыктоочу оюнунда тажик футболчулары Дүйшөмбү шаарында кыргыз футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калышты.
Бул оюнга Борбордук Азия дербиси деп аталып, көптөгөн күйөрмандардын кызыгуусун жаратты. Бул оюн 10дой унаа алмаштырып, 2 миң чакырымдай жол жүрүп Бишкектен Дүйшөмбүгө барган Эсеннур Алмазбеков сыяктуу өзгөчө күйөрманды элге тааныштырды. Ошондой эле маданият өкүлдөрүнөн Эрмек Нурбаев менен Омар оюнга жандуу күбө болуп, улуттук кураманы колдоп келишти.