Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктуруучусу Александр Крестинин Тажикстан курамасына каршы оюндун жыйынтыгы (0:1) жана Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун жыйынтыгы тууралуу ой бөлүштү. Маалыматты Тажикстандын Футбол федерациясы жарыялады.
"Тажикстанга каршы оюн оңой болгон жок. Бизге каршы жогорку чеберчиликтеги команда ойноду. Ийгилик биз тарапта болду. Футболчуларга күч сарптагандыктары үчүн ыраазычылык билдирем. Биз Бишкектеги оюнга караганда каталарды аз кетирип, ийгиликтүү ойнодук",- деп жооп берди ал оюн тууралуу суроого.
Ал эми тандоо туру тууралуу узатылган суроого А.Крестинин төмөнкүчө жооп кайтарды: "Биз алдыга жылып жатабыз, бирок жыйынтыкка бир аз канааттанбай турам. Себеби мындан да жакшы оюн көрсөтө алмакпыз. Жалпылап алганда, ийгиликтүү болду. Биз тайпада Азия чемпиону Австралиядан башка командага утулган жокпуз".