5-14-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында (Монголия) шахмат боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилиги өтөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, биринчиликке 8 кыргыз спортчусу катышат.
Машыктыруучу Азиз Умарбеков жетектеген спортчулардын тобунда Кантемир Сталбеков, Нурай Советбекова, Руслан Съездбеков, Дария Ли, Кайратбек Абылкасымов, Шахнази Мусаева, Чыңгыз Исаев жана Элина Самудин сыяктуу спортчулар бар.
Курамдын аталган мелдешке катышып келүүсү үчүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциядан 659 451 сом каражат бөлүндү.