Бүгүн, 30-мартта кыргыз футболчулары Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке кайтып келишти. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан курамасын конокто 1:0 эсебинде уткан футболчуларды күйөрмандар, Футбол федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.