Жалал-Абад облусунда өткөн жылы катталган каракчылык фактыларына шектелген 4 жаран кармалды

Жалал-Абад облусунда 2015-жылы катталган 2 каракчылык фактысына шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы 10-февраль күнү Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн бирине 4 белгисиз адам кирип, үй ээсин ур-токмокко алып, акча талап кылып, уюлдук телефонун алып кетишкен. 18-февралдан 19-февралга караган түнү ушул эле жарандар Ырыс айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн бирине бет кап менен кирип, үй ээсин ур-токмокко алып, сейфтеги 127 миң сом, 2050 доллар жана 300 миң сомдук зер буюмдарын жана 2 уюлдук телефонун алып кетишкен.

Бул фактылар боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 1 жылдан кийин кылмышка шектүү катары М.Б., Г.К., Н.Н. жана А.А. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалды. Учурда аталган жарандар камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан