Активист көк бөрү оюнундагы тай казанды жаңыча жасап чыгууну сунуштоодо, "дөңгөлөктөрдүн ордуна оюу-чийме коюш керек" дейт ал

Активист Бекжан Шыгаев көк бөрү оюнундагы тай казанды жаңыча жасап чыгууну сунуштап жатат. Анын айтымында, тай казандын бетине дөңгөлөк чаптоо копол көрүнөт. Тай казандын ичи жана кырлуу жерлери накта териден жасалышы керек. Бул улакчы улак менен кошо тай казанга киргенде жумшактыкты камсыздайт. Дөңгөлөктөрдүн орду калың кийизден капталышы керек. Ошондой эле тегерек-четине кыргыздын оюу-чиймелери түшүрүлүүгө тийиш.

Кошумчалай кетсек, активист тай казанды ушундай жасалга менен ири иш-чараларда колдонууну сунуштайт. Мисалы, быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө 40 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары орун алат. Оюндардын программасында көк бөрү мелдеши да бар.

Учурда көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу жана КРнын Президентинин Кубогу баштаган ири мелдештерде төмөнкү сүрөттөгүдөй тай казан колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
bond
2016-03-31 13:37:07
Кой болбогон нерсени кылбагыла ага дагы акча болуш керек деп башты оорутушат.
-6
aibars
2016-03-31 13:48:20
bond, Улуттук баалуктардан акча аябаш керек!!!
+14
aibars
2016-03-31 13:41:38
Эн соонун, башка улуттарга озубуздун улуттук оймо чиймелерди корсото алабыз жана корунушу кооз болот. Азаматтар!!!
+10
akubeku
2016-03-31 13:41:56
Мен кошулам бирок арламенттен башка нерсе ойлоп табыш керек
М боруунун же аркардын муйузунун суротторун койуш керек ж.б.у с
Менин ойум
+3
basyz-kaman
2016-03-31 13:45:12
Көкбөрү улуттук оюн болгондон кийин дөңгөлөктүн оордуна кыргыздын оюу-чиймеси түшүрүлгөн нерсе жасаш керек, ага көп деле акча кетпесе керек.
+3
Ruslan_d
2016-03-31 13:46:15
Жакшы пикир экен ушундай кылып жасаса жакшы болмок чет олколукторго жакшы корунмок, спортчуларгада жакшы болмок.
+2
Beksultan-007
2016-03-31 13:57:56
Кошулам бирок тай казандын бийиктигин да кыскартса жакшы болмок. Талашып,тартышып келип ошол жерге аргытканда тушпой калат.
0
kama_future_millioner
2016-03-31 14:04:20
Мен да кошулам жакшы сунуш, ишке ашусуна тилектешмин
0
azabek87
2016-03-31 14:14:47
Эн негизгиси тай казан ынгайлуу болуш керек. Азыркы балондон жасалган тай казандар ынгайсыз. Аттар барып буттары менен урунуп чалынып анан улакчылар да кырсыка учурап жатышат. Ошондуктан балондорду кыйгачынан 45 градуста эмес 90 градуста тигинен коюулушу керек. Ошондо аттар тай казанга чалынып урунбай улакчылар да жыгылбайт.
0
karona12
2016-03-31 14:17:49
Сүрөттөгүнүн ичи тайыз экен,кичине чуңкурураак болуш керек.
0
azabek87
2016-03-31 14:22:32
Аттар тай казанга бет мандай келгенде алдынкы буту менен такалып тумшугу менен тайказанды сузуп туруп калбаш керек. Ошондуктан жаны жасалчу тай казандын коркуно гана конул бурбай ынгайлуулугун да эске алгыла. Жаны жасалчу тай казандын чекелерин 45 градуста жантайынкы кылбай 90 градуста тик кылганда аттар чуркап келгенде тай казанга алдынкы буту менен чалынып мурду менен тай казанга жыгылбай кокурогу менен тирелип жыгылбай жакшы оюн болот.
0
Jigitronic
2016-03-31 14:24:11
Жакшы ой ,ал эле эмес көкбөрүчүлөргө форма да ойлоп табыш керек
+1
Jyrgal_msk
2016-03-31 14:27:43
Кичине жантык болуп калыптыр.Тикерээк кылып коюш керек.Улакчылардан да кенеш сурагыла,биз эч нерсени билбейбиз.Чапкандар,жыгылчулар ошолор.
0
lolo.1
2016-03-31 14:30:35
Мен кошулбайм анткени дегенде ал жерде аттар чуркайт баткак ылай болот тозуган чан болот. Оймо чиймебизди башка жака деле иле берейли. bond айткандай болор болбос жака акча кетирип эмне кереги бар
-2
AlbertEnshtein
2016-03-31 15:08:09
Донголоктордун ордуна бетондоп салса улакчвлар жыгылып колу башын свндырышпайбы? Биринчи орунда безопасность болсун.
+2
Kybylai1990
2016-04-01 09:45:09
Эң сонун кыргызстандын улуттук арнаменттерин ушундай жол менен дүйнөгө таанытып туристердин келишине шарт түзүү керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан