Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору көк бөрү оюну үчүн жаңы тай казан даярдап жатат, ал 9-майда элге көрсөтүлөт

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюнунда жаңы тай казан колдонулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов билдирди.

Анын айтымында, учурда оюн бүткөн соң башка орунга которгонго оңой болгон тай казан даярдалууда. Ага канча каражат сарпталары азырынча белгисиз. Жаңы тай казанды көк бөрү сүйүүчүлөрү 9-Май - Жеңиш күнүнө карата уюштурулган ат оюндарында көрө алышат. "Тай казандын тулкусу металлдан болот. Аттын буттары урулганда ооруксунуп калбаш үчүн ага атайын кездеме капталат. Жер 50 сантиметр казылып, цемент куюлган жерге тай казан орнотулат. Анан түбүнө бурама буралып, бекитилмекчи",- дейт А.Касенов.

Кошумчалай кетсек, учурда Улуттук спортту өнүктүрүү борбору II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө. Оюндар 3-8-сентябрь аралыгында орун алмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
azabek87
2016-03-31 14:13:15
Эн негизгиси тай казан ынгайлуу болуш керек. Азыркы балондон жасалган тай казандар ынгайсыз. Аттар барып буттары менен урунуп чалынып анан улакчылар да кырсыка учурап жатышат. Ошондуктан балондорду кыйгачынан 45 градуста эмес 90 градуста тигинен коюулушу керек. Ошондо аттар тай казанга чалынып урунбай улакчылар да жыгылбайт.
0
azabek87
2016-03-31 14:32:44
Аттар тай казанга бет мандай келгенде алдынкы буту менен такалып тумшугу менен тайказанды сузуп туруп калбаш керек. Ошондуктан жаны жасалчу тай казандын коркуно гана конул бурбай ынгайлуулугун да эске алгыла. Жаны жасалчу тай казандын чекелерин 45 градуста жантайынкы кылбай 90 градуста тик кылганда аттар чуркап келгенде тай казанга алдынкы буту менен чалынып мурду менен тай казанга жыгылбай кокурогу менен тирелип жыгылбай жакшы оюн болот.
+1
azabek87
2016-03-31 14:47:21
Урматту супер инфонун кызматкерлери же админ ушул биздин сунуштар, ой пикирлер Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касеновго жеткирилип эске алынабы же жон эле орто жолдо калып калабы???
+1
nurkasym-2014
2016-03-31 16:14:18
Урматтуу Супер инфо ушул элден тушкон коментарийлер оз дарегине жетип атабы.Ар ким оз дарегине тушкон сын пикирди,сунуштарды окуган болсо жакшы болмок.Копчулук ушуну талап кылат.
0
admin_portal
2016-03-31 17:09:26
nurkasym-2014, саламатсызбы!
Тиешелүү жактардын өкүлдөрү порталга кирсе, комментарийлерди окушат деген ойдобуз.
0
ERDOG
2016-03-31 16:17:11
Кок бору оюнун юнеского кыргыздар каттай алды бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан