Таиланддын Банконг шаарында өткөн тайбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары 4 алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдешке дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 500дөй спортчу катышкан. Ал жаш курактары боюнча түрдүү категорияларда, спорт сүйүүчүлөрү арасында жана профессионалдар арасында өткөрүлдү.
Кыргыз мамлекетинин атынан 14 спортчу мелдешке катышып, жалпысынан 4 алтын, 6 күмүш жана 7 коло медаль тагынышты. Алтын медалдарды Шахриза Халилова (2 алтын медаль), Александр Вавилов жана Никита Цой багындырды. Ал эми күмүш медалдарды Тимур Маматисаков, Данияр Кашкараев, Кубан Жанарбек уулу, Альберт Советов, Улан Сабиров жана Никита Цой камсыздаган. Коло медалдарды Александр Вавилов, Бегайым Какчекеева, Акылбек Дүйшөнкулов, Айбийке Исаева, Уланбек Жаабай уулу, Жаныбек Бейшебек уулу жана Эльдияр Молдобеков сыяктуу спортчулар өз энчилерине жазышты.