Кыргыз футболчулары менен Польша, Хорватия, Казакстан курамалары ойной турган башкы стадиондо жаңы себилген шибер өсө баштады (фоторепортаж)

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Казакстан курамасын кабыл алышат. Бул оюнга туура 5 ай калган мезгилде башкы стадиондун учурдагы абалы менен таанышып коюңуздар.

Маалым болгондой, учурда чөп өскөн жерлер тегизделип, сугарылып жатат. Майданда топурак себүү, тегиздөө иштери дагы да болсо уланууда.

Буга катар КРнын Футбол федерациясы Польша, Хорватия баштаган бир катар курамалар менен Бишкекте жолдоштук беттеш уюштуруу планы бар экенин жарыялаган. Футбол сүйүүчүлөрү сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жакшы болсо экен деген үмүттө, себеби Роберт Левандовски (Польша), Иван Ракитич, Лука Модрич (Хорватия) сыяктуу футбол жылдыздарын, кыргыз футболчуларынын аларга каршы оюнун көрүүгө көпчүлүк кызыкдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
beast
2016-03-31 18:31:46
Роберт левандовский кутом сени
+4
Patriot..kg
2016-03-31 18:39:37
beast, мен дагы ушул фудболчуларды күтөм. Барып да көрөм
+3
Patriot..kg
2016-03-31 18:42:45
Атак ийгилик
0
ruslankg
2016-03-31 18:54:10
Ото жакшы кабар мына эми бизденда футбол жылдыздары чыгып баштайт алга Кыргызстан!
+6
tashi62
2016-03-31 18:57:32
Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун 3 жагында эле отургучтар барбы ошондо?
0
Patriot..kg
2016-03-31 18:59:38
tashi62,оа
0
azamat.95
2016-03-31 19:24:42
Охоо Левандовски келеби... Модрич озгочо жагат...
+1
jeep9504
2016-03-31 19:38:58
урматуу админ Польша, Хорватия келбей турганы белгилуу болгон, аны сиздер билбейсиздерби??
+5
Abdyrawit
2016-03-31 23:14:57
jeep9504,Польша келбей турган болду элего.. Кайра дагы сүйлөшүүлөр менен келет бекен?
0
Shek
2016-03-31 21:38:26
Эн сонун кабар алга кыргызстан..!
+1
B.city
2016-03-31 22:28:14
Kelbey turgan bolgon Pllol'sha
+1
mamashov-emil
2016-04-01 00:11:45
eki mamlekettin biroosu kelip kalyshy mumkun dagyda suiloshuulor jurup atat, bizge kelgen komandalardy jakshi kabyl alyp tiz efirdi tarta turgan kameralardy almashtyryp australia kyrgyzstandy tartkan kamerany satyp algylachy suranych bolee kavhestvennyi tartylgan oshodo okmot menen futbol federasia suiloshup a to ozubuzdun murunku kameralar menen tartkandy korgunda kelbeit kozun oorup ketet
+2
ImranChik
2016-04-01 00:48:48
мен футболист болалбадым эгер кыргызстанда футбол онугуп европа командалары ойной баштаса соссуз уулумду футболист кылам
0
take.kg86
2016-04-01 02:47:43
Мына сага кыргызым футбол боюча өнүгүп жатат Левандовский Модрич сыйактуу дүйнө тааныган футболчулар келсе эң жакшы кабар
+1
take.kg86
2016-04-01 02:50:04
Негизгиси казактарды утса экен былтыр 7:1 ге утулуп айабай эле уят болгон эле
0
Kybylai1990
2016-04-01 09:50:26
Маарага ашыккан эмес машыккан жетет дегендей аларды күтпөстөн жакшы машыккыла кечээ Тажикстан менен ойногондой ойносо анда жыйынтык жакшы болбой калат
0
Kybylai1990
2016-04-01 09:53:05
Былтыр Президент Австралия менен ойногондо жаңы стадион куруугу убада берди эле го же жөн эле сөзбү админ ушуну билип берсеңиздер
0
Chyngyz_kg
2016-04-01 11:18:00
Kybylai1990, 2017-жылга чейин курулат.
0
Patriot..kg
2016-04-01 12:23:19
Chyngyz_kg, 2017-жылга аз эле калды
0
admiral
2016-04-01 13:25:32
Огооо Левандовски, Лука Модрич менин баалаган оюнчуларым келет экен да. Буйруса келет, биздин оюнчуларыбыз достойно ойноп беришет деп ишенем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан