Кытайда бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул мелдеште алдынкы 3 орунду ээлеген мушкерлер "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алышат.
Бүгүн, 31-мартта кыргыз мушкерлери Эрмек Сакенов (64 килограмм салмакта), Азат Усеналиев (52 кг) жана Эркин Адылбек уулу (81 кг) жарым финалдык беттештерин уттуруп жиберишти. Бирок жолдомо үчүн беттештер дагы да болсо уланат. 3 мушкер тең өз салмактарында 3-орун үчүн рингге чыгышат.
Мушкерлерибиз 1-апрелде мелдештин коло медалдары үчүн беттеш өткөрүшөт:
81 килограмм салмак
Эркин Адылбек уулу (Кыргыз Республикасы) - Азиз Ачилов ( Түркмөнстан)
52 килограмм салмак
Азат Усеналиев (Кыргыз Республикасы) - Олжас Саттибаев (Казакстан)
64 килограмм салмак
Эрмек Сакенов (Кыргыз Республикасы) - Цяньхун Ху (Кытай)