31-март күнү саат 21:33тө өлкө аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жетти.
Очогу Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылынан батышты карай 13 чакырымда, Сары-Таш айылынан түштүк-батышка карай 25 чакырымда жайгашты. Жер титирөө Бор-Дөбө айылында 2-2,5 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.