Кечээ, 31-мартта АКШнын Бостон шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпиондугу старт алды. Мелдеште 16 жаштагы казакстандык муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаева дебют жасап, кыскача программада 12-орунду ээледи. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдеште кыска программада 76,43 упай алып, 1-орунду америкалык Грэйси Голд багындырды. Ал эми бул программада 61,63 упай топтогон Э.Турсынбаева 12-орунду ээледи.
Кошумчалай кетсек, Элизабет учурда канадалык машыктыруучу Брайан Орсердин колунда тарбияланып келет. Анын апасы Падышахан Султаналиева Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Ит-Агар айылынан экени, кийин казак жигитине турмушка чыкканы айтылып келет.