1-апрелде Талас шаарында тогуз коргоол боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. 1 патка созулган биринчиликте 8 комплект медаль ойнотулду.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан кабарлашкандай, анда командалык эсепте уландар арасында Ош шаарынын курамасы жеңүүчү аталды. 2-орунду Талас облусунун курамасы ээлесе, 3-орунду Бишкектин командасы алды.
Ал эми кыз-келиндер арасында алдынкы үчтүккө Бишкек шаарынын, Ысык-Көл облусунун жана Чүй облусунун командалары кирди.
Өткөрүлгөн тартиптерге токтолсок, анда стандарт, рапид жана блиц түрлөрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Уландар арасында стандарт түрүнөн Анарбек Жамакеев (Ош шаары), кыз-келиндер арасында Лязат Райымбекова (Бишкек) жеңүүчү аталышты.
Рапид түрүнөн Белек Мамбеталиев (Талас облусу) менен Аида Керимбекова (Бишкек) алтын медалдарды тагынса, блиц түрүнөн Камчыбек Касымов (Бишкек) менен Чолпон Кендирбаевага эч ким тең келе алган жок.