Кыргыз мушкери Эркин Адылбек уулу Кытайда өтүп жаткан бокс боюнча мелдеште 3-орунду ээлеп, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алды.
Мушкер 1-апрелде 81 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеш өткөрүп, түркмөнстандык мушкер Азиз Ачиловду утуп алды. Алгачкы раундда Ачилов упай катыштыгында жеңүүчү аталса, экинчи раундда Эркин жеңишке жетишти. Жыйынтыктоочу раундда Эркиндин аракеттери оңунан чыгып, таамай соккуларды узатты. Жыйынтыгында калыстар жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты.
Кошумчалай кетсек, Эркин кыргыз мушкерлеринен алгачкы жолдомого ээ болду. Жалпысынан бул кыргыз спортчуларынын 9-жолдомосу болуп калды.
Буга чейин Олимпиадага жеңил атлетика боюнча Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жолдомо алган.