Кыргыз-казак чек арасынан өлкөдөн чыгууга тыюу салынган жаран өтүп кетүүгө аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, “Ак-Тилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү бекетинин арты менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаран кармалган. Текшерүү иштеринин алкагында кармалган жаранга өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек ара режимин бузган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.