Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Абдыш-Ата" клубу конокто "Ала-Тоону" утуп, сезондогу алгачкы жеңишине жетишти (фоторепортаж)

"Ала-Тоо" (Нарын) - "Абдыш-Ата" (Кант) - 0:2

Голдор: Манас Карипов, Эльдар Молдожунусов

2-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Ала-Тоо" футболдук клубу Бишкекте "Абдыш-Ата" клубун кабыл алды. Беттеште канттыктар утуп, сезондогу алгачкы жеңишине жетишти.

Оюнга токтолсок, "Абдыш-Ата" алгачкы таймда атаандашка салыштырмалуу жакшы ойноп, гол киргизгенге жетишти. Бул таймда "Ала-Тоо" командасынын оюну жүрүшкөн жок. Команда көп каталарды кетирип, атаандаштын топко ээлик кылуусуна тоскоол боло алган жок. Экинчи таймда нарындыктар атаандашка салыштырмалуу мыкты болушту. Атаандашка 45 мүнөт бою басым кылып, аны жаңылганга мажбурлап жатышты. Албетте, түзүлгөн 3 мүмкүнчүлүктүн бирин киргизгенде, нарындыктар оюндун жүрүшүн өзгөртүп, артыкчылыкка ээ болушмак. Бирок оюнчулар түзүлгөн кырдаалдарды голго айланта алышкан жок. "Абдыш-Ата" экинчи таймдын аягында дагы бир гол киргизип, жеңишти камсыздай алды.

"Абдыш-Атанын" жарым коргоочусу Манас Карипов оюнда мыкты оюнчу болуп табылды. Албетте, футболчу өзүн лидер катары көрсөтүп, команданын чабуулдарын уюштурууда иштиктүү аракеттерди жасады. Машыктыруучу Мирлан Эшенов команданын лидерлери башка командаларга кеткендиктен, Манас сыяктуу жаш оюнчуларды өстүрүп, команданы кайрадан түзүп чыгуу аракетин көрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kgalik
2016-04-04 11:15:29
админ Алдиер не болду Алга менен ойноп буттуго, жазып койсонор
0
Lintel
2016-04-04 12:27:54
kgalik, Алдиер 1-3 Алга утту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан