"Барселона" - "Реал" - 1:2
Голдор: Жерар Пике (56-мүнөттө) - Карим Бензема (64-мүнөттө), Криштиану Роналду (85-мүнөттө).
3-апрелге караган түнү футбол боюнча Испания чемпиондугунун 31-турунда лидер "Барселона" элдешкис атаандашы "Реалды" кабыл алды. Беттеште 1:2 эсеби катталып, "Реал" жеңишке жетишти.
"Эль-Классико" деп аталган беттешти күйөрмандар жыл жаңыргандан тарта күтүп келишкен. Бул оюнда чемпиондукка кадам таштаган "Барселонага" караганда жеңиш "Реал" үчүн маанилүү болчу. Себеби жакында "Атлетикого" уттуруп жиберген "Реалдын" оюнчулары күйөрмандардын ишенимине кайрадан ээ болууну көздөшсө, машыктыруучу Зинедин Зидан жеңиш менен жетекчиликтин ишенимин сактап калмак. Баары "Реалдын" кийим которуучу жайында сүйлөшүлгөндөй болуп, команда каршы чабуулда ойноду. "Барселона" эсепти ачкан соң баштапкы оюнун алсыздатып алды. Ал эми оюн акыркы мүнөттөргө жакындаган сайын "Реал" кооптуу болуп, жеңиш голун киргизгенге да жетишти.
Жеңиш голу киргенге чейин "Реалдын" капитаны Серхио Рамос кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилгенин эске алсак, "Реал" татыктуу жеңишке жетишти.