Екатеринбургда өспүрүм кыздын жансыз денеси табылды. Ал январдан бери дайынсыз болуп жаткан 13 жашар Айганыш экени айтылууда

Орусиянын Екатеринбург шаарында өспүрүм кыздын жансыз денеси табылды. Ал болжол менен 4-январдан бери дайынсыз болуп жаткан Канат кызы Айганыш экени айтылууда. КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов бүгүн, 4-апрелде SUPER.KG порталына билдиргендей, азырынча табылган өспүрүм дайынсыз болуп жүргөн кыргыз кызы Айганыш экенин айтууга эрте.

"Экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча табылган өспүрүмдүн денесин Айганышка таандык деп айтууга эрте. Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына ылайык, өспүрүм ким экени, эмнеден улам жана качан каза болгону аныкталмакчы",- деди Сүйөркулов.

Маалыматка ылайык, өспүрүм кыздын жансыз денеси темир жол бекети жайгашкан аймактан кечээ кечинде табылган. Жергиликтүү Тергөө комитетинин башкармалыгы табылган өспүрүм издөөдө жүргөн Айганышка окшош болгонун билдирүүдө. Өспүрүмдүн жансыз денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес жана анын тоңуп каза болгону болжолдонуп жатат.

Эске салсак, жоголгон кызды издөөдө бардык тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "жашы жете электи өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Айганышты 23 жаштагы эжеси кыргыз жеринен Орусияга өткөн жылдын май айында алып кеткен. Атасы абакта болгондуктан, Айганыш апасына жардамдашуу үчүн Орусиядан айына 4 миң рублдан акча салып турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
marmiladka9
2016-04-04 18:09:38
заманын менен куруп кал!!!
+1
ularik_kg
2016-04-04 19:43:57
marmiladka9,туура
0
ekaterinburg
2016-04-04 19:28:04
Туй энен...Байкуш кыз ай(((((((Жургум ий((((
0
ularik_kg
2016-04-04 19:43:34
Ааа
0
kalima88
2016-04-04 19:54:52
''жансыз'' дегенди окуганда жаман болуп кеттим,эй...(((( Эне байкуштун журогу эмне болот эми...
0
Bazana
2016-04-04 21:13:43
Аттаганат ай ким болсода жаш кеттиго аттин ...
0
salam.kyrgyzstan
2016-04-04 23:09:34
биринчиден ал емес болуп калсын.экинчиден айганыш жоголгон кундору екатеринбургта абанын температурасы -20.-25% суук болуп турган.
0
krem
2016-04-04 23:33:30
эх азыр кыздарды няня кылып алып келип алышып кулдай иштетишет байкуш ата-энеме жардам болсун деп кул болуп жургондор толтура ана желмогуз озун ханайым сезген эжесинде карангыда жумшашканда бечараны урматтуу ата-энелер кыздарынарды нянялыкка жонотопой эле койгулачы алардын жашоосун коруп зээние ооруйт
+2
incognito1
2016-04-05 01:07:05
13 жашта мен бала эмес, озумду карай алчу эмесмин. Азыр 17-24 жаштагы синдилерим сабактан, жумуштан кечиксе, тыпырчылап кетем, телефондору очуп калса. Аябай боорум ооруп жатат, ким болсо дагы. Айганыш жонундо кабар бугун окуп жатам, 13 жаштагы кызды кантип ботон элге жиберди. Переходный возраст болгондо озунун ата энесинин эле козомолундо болсо жакшы болмок. Психологически кыйын период жаш оспурумдорго переход из детства во взрослую жизнь. Силер айткандай ал эмес болсо экен, энесине эле кыйын.
+1
Bazana
2016-04-05 02:35:20
Суроо ошончо айдан бери айганыш каерде жургон же ошондо эле тонгон болсо,эн эл коп вокзалдан эми табыштывы
+2
Palan4a
2016-04-05 12:36:25
Bazana,Ж.д жактагы гараждардын арасынан табылган. Ж.дга жетпей. Эки жака чыкпаса коркуп карангыда тунок издегенго? …
0
murat_ergeshov
2016-04-05 07:21:50
Ошол Екатеринбург ка алып барган эжекесин турмого олтургузуш керек Ошолор айыптуу болбосо уйуно бармак урушуп уруп ушун алып койгонго!!!
+3
Take_men
2016-04-05 13:35:02
Уч айдан бери кайда журду экен?
0
anu.alfia04
2016-04-05 17:31:29
Апасынын ишенген кызы коз жашын токкон кичинекей бир туугандары байкуш кыз ай.
0
taoni
2016-04-05 22:43:15
Ылайым Айганыш болбой калса экен!!!
0
taoni
2016-04-05 22:50:26
Баарынар эле коркуп уйуно баралган эмес го деп божомолдойсунар...эмне себептен анчалык тонуп олуп калгыча коркуп баралган жок анда уйуно??? ((((
0
argen.kg4
2016-04-06 18:30:02
Erterek tabylganda olboi kalmak bele attin.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан