Борбор шаарда салмагы 16 тоннаны түзгөн баалуу таштар аукционго коюлат

Былтыр апрель айында Орусиядан Кытайга Кыргызстан аркылуу аткезчилик жол менен алынып бара жаткан жеринен жалпы салмагы 16 тоннаны түзгөн баалуу таштар колго түшкөн. Ошол таштар аукционго коюлуп, сатыла турганын бүгүн, 27-мартта УКМК маалымдады. Айта кетсек, жалпы суммасы 7 миллион сомду чапчый турган таштар боюнча учурунда кылмыш иши козголуп, Бишкекте Биринчи Май райондук сотунан жана шаардык соттон айыпталуучу тарап утуп чыккан. Бирок 14-мартта Жогорку Сот баалуу таштын ээси Т.Б. аттуу казак жаранын күнөөлүү деп таап, ташты сатыкка коюу чечимин чыгарды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
future_kg
2013-03-27 14:38:56
эптеп бюджетти толтуруу айласы го!
0
Delicacy
2013-03-27 14:52:48
Ммм ойлонуп королучу 16 тонна баалу таштар 16 000 кг болобу? Колго тушкон баалу таштын жалпы суммасы 7 млн сомго барабар. Демек 1 кг таштын баасы 437.5 сом. Э бул кандай таштар озу? Ушул жерде да тигилерин "уруп" калываткан жокпу? Орусиядан Кытайга ушундай арзан ташты ташып бизнесмен жинди окшойт. 16 тонна арзан бир жылтыраган таш учун ушундай тобокелчилике барып жатабы? Шота мен тупоймун же тиги тупой болуп калып жататгоо.
0
BORN.kg
2013-03-27 16:17:55
Супер инфо тушунуктуурааааак жазса болмок экен... Мен эки уч сыйра окудум, жакшы тушунбодум. Жалпы сумма 7млн сом деген жери жок экен дагы, 7млн сомдук таштар дептир. Темасын да болсо 16тонналык бир эле таш жазылыптыр. Эгер жалпы 7млн болсо чынында эле аз акчага чон кылмыш кылыптыр, же арасында 7млн го чейин сатыла турган таштар дагы бар, а 7млн жалпы сумма эмеспи?
0
Delicacy
2013-03-27 18:02:00
BORN.kg, " Айта кетсек, баалуулугу 7 миллион сомду чапчый турган таштар " - деп жазылган демек жалпы суммасы. Э токточу опшум 1 таш 7 млн сомго баалана турганын деле тушунсо болот. Суперчилер так так жазып койсонор.
0
bekzat.4496
2013-03-27 17:07:58
сатпаганынар еми таш калдыбы 2жылдан соон тоолор да калбаса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан