Бүгүн, 5-апрелде футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык баскычында алгачкы оюндар орун алат. Бул күнү европалык футболдун күйөрмандары эки испаниялык клуб "Барселона" менен "Атлетиконун" тирешин жана германиялык "Бавариянын" португалиялык "Бенфикага" каршы беттешин көрө алышат.
Бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 13-апрелге белгиленген.
"Барселона" (Испания) - "Атлетико" (Испания)
Стадион: Барселона шаары, "Камп Ноу" стадиону
Калыс: Феликс Брых (Германия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
"Бавария" (Германия) - "Бенфика" (Португалия)
Стадион: Мюнхен шаары, "Альянц Арена" стадиону
Калыс: Шимон Марчиняк (Польша)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)