Бүгүн, 5-апрелде Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда самбо спорту боюнча өлкө биринчилиги старт алат. 7-апрелге чейин созула турган мелдеш аталган спорт түрүн өнүктүрүү, курама командага күчтүү спортчуларды ылгап алуу максатында уюштурулууда.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеште 21 жаштан жогорку курактагы спортчулар арасында 9 салмакта (57 килограмм салмакта, 62 кг, 68 кг, 74 кг, 82 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг) жеңүүчүлөр аныкталат.