Кыргыз футболунун көрүнүктүү өкүлү Зарлык Султанов 73 жаш курагында көз жумду

Легендарлуу "Алга" футболдук клубунун оюнчусу, СССРдин Спорт чебери Зарлык Султанов 73 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу 4-апрелде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

КРнын Футбол федерациясынан тастыкташкандай, ал өз үйүндө көпкө созулган оорудан улам каза тапкан.

Зарлык Султанов кезинде "Алга" клубунда 1959-жылдан 1972-жылга чейин ойногон. Ошондой эле "СССРдин Спорт чебери" наамын алган алгачкы спортчу катары белгилүү. Карьерасын жыйыштырган соң ал машыктыруучулук кызматты аркалаган.

Зарлык Султанов акыркы жылдары үйүндө жалгыз калганын, көп жылдардан бери буту ооруп, өз алдынча баса албай калганын айткан. Акыркы жолу өкмөт андан 2014-жылы кабар алган. Анда аталган агенттиктин ошол кездеги директору Кадырбек Эргешов анын абалы менен таанышып, короо-жайын жыйноо боюнча жардамчыларына тапшырма берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
amanatym
2016-04-05 13:59:30
жаткан жери жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан