Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-3 айылында өрт кырсыгы катталды. Анда Линейная көчөсүндө токтоп турган Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.