Сокулук районунда "күйөөсү менен аялын сабап, унаасын жана зер буюмдарын алып кеткен" деген шек менен борбордун 2 тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Төрт-Көл айылынын тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын 26-декабрында үйүнө белгисиз адамдар кирип күйөөсү экөөнү сабап, Мазда Трибьют үлгүсүндөгү унаасын жана зер буюмдарын алып кеткенин билдирген. Унаа 27-декабрда башка айылдан табылган. Бул факт боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган Ж.А. жана А.К. аттуу тургундары кармалган. Учурда алар камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.