Англиянын "Челси" футболдук клубу италиялык машыктыруучу Антонио Конте менен 3 жылдык келишим түздү. Бул тууралуу клуб расмий билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, учурда Конте Италия курамасын машыктырып жатат. Ал клубдагы ишине Франциядагы Европа чемпиондугунан кийин киришмекчи.
Конте аталган клубда иштеген 5-машыктыруучу болмокчу. Буга чейин "Челсини" Жанлука Виалли, Клаудио Раньери, Карло Анчелотти жана Роберто Ди Маттео сыяктуу италиялык адистер машыктырышкан.
Лондондук клуб буга чейин португалиялык адис Жозе Моуринью менен келишимди бузган. Азырынча бул кызматты голландиялык машыктыруучу Гус Хиддинк ээлеп турат.