Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 7-марттан бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргананын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Абдукалил Карымшаков билдирди.
"Дайынсыз болуп, издөөдө жүргөн кыз тууралуу сураштырганыбызда, аны акыркы жолу көргөндөр сууну көздөй баратканын айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кыздын жансыз денеси саздагы камыштардын арасынан 31-мартта саат 17:30 чамасында табылган. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгына ылайык, кыздын денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал сууга чөгүп каза болгон. Экспертизанын жыйынтыгынан кийин кыздын ата-энеси, туугандары эч кандай доо арызы жок экендигин билдиришти",- деди Карымшаков.
Эскерте кетсек, Теңдик айылынын тургуну, А.Осмонбеков атындагы №9-орто мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Буга чейин кызды издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары 3 күн жүргүзүшкөн. Кийин кызды туугандары да издеп, бирок издөө иштери натыйжасыз болгон.