Куткаруучулар 5-апрелде саат 10:25те Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүндөгү №36/1-үйдүн (жатаканасы) жабылып калган эшигин ачып беришкен. Бөлмөдөн улгайган аялдын жансыз денеси табылып, райондук ИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан кабарлашты.