6-апрелге караган түнү футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык баскычында алгачкы оюндар орун алды. 2 беттеште тең үй ээлери 1 гол айырмачылыгында жеңишке жетишти.
Бул оюндардын жыйынтыгы менен жарым финалга кайсы команданын чыгарын айтуу эрте болуп калат. Командалардын ортосундагы жооптук оюндар 13-апрелде өтөт.
"Барселона" (Испания) - "Атлетико" (Испания) - 2:1
Голдор: Луис Суарес (63-мүнөттө, 74-мүнөттө) - Фернандо Торрес (25-мүнөттө)
"Бавария" (Германия) - "Бенфика" (Португалия) - 1:0
Гол: Артурро Видаль (2-мүнөттө).