Бокс боюнча улуттук курама команда Ысык-Көлдө Алжир курамасы менен биргеликте машыгуу сборун өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 10 мушкерден турган Алжир курамасы бүгүн, 6-апрелде Бишкекке келип, Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Алардын ичинен 4 мушкер "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алгандар.
Кыргыз мушкерлери 10-апрелде Ысык-Көлгө жөнөшөт. Машыгуу сбору 24-апрелге чейин болот.