10-15-апрель аралыгында Япониянын Комазава шаарында оор атлетика боюнча ардагерлер, чеберлер арасында Дүйнө биринчилиги өтөт. Мелдешке өлкөбүздүн желеги астында Азизбек Күйкеев катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы балдар спорт мектебинин машыктыруучусу, СССРдин Спорт чебери, бир нече жолку өлкө чемпиону Азизбек Күйкеев мелдешке катышуу боюнча атайын чакырык алган. 53 жаштагы А.Күйкеев 50-55 жаш курактагы ардагерлер арасында 77 килограмм салмакта күчүн сынайт.