Ысык-Көл облусунун Түп районунда катталган жол кырсыгынан 8 жаш бала ар түрдүү жаракаттарды алды. Алардын арасындагы 14 жаштагы кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенин SUPER.KG'ге 6-апрелде Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 4-апрелде Түп-Каракол унаа жолунда Тойота Эстима унаасы кырсыкка кабылган. Унаада бараткан 8 жаш бала ар түрдүү жаракаттарды алган. Жабырлануучулардын арасынан 3 бала аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө, ал эми 14 жаштагы кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алар Түп районунун борборунда өткөрүлгөн спорттук мелдешке катышып, кайра Маяк айылына бара жатышкан. Айдоочу унаасын башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Айдоочунун айтымында, маңдайынан чыккан жүк ташуучу унаадан буйтап кетүү аракетин кылган.
Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын корутундусунун негизинде тиешелүү чара колдонула тургандыгы айтылды.