Германиялык "Вольфсбург" клубунун оюнчулары Чемпиондор Лигасынын алгачкы чейрек финалдык оюнунда мадриддик "Реал" футболдук клубун утуп алышты. Германияда өткөн оюн 2:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.
Ушул күнү орун алган дагы бир чейрек финалдык беттеште ПСЖ клубу англиялык "Манчестер Сити" менен тең эсепте ойноду.
Бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 12-апрелде өтмөкчү.
Чемпиондор Лигасында 7-апрелге караган түнү орун алган беттештер:
"Вольфсбург" (Германия) - "Реал" (Испания) - 2:0
Голдор: Рикардо Родригес (18-мүнөттө, пенальти). Максимилиано Арнольд (25-мүнөттө).
ПСЖ - "Манчестер Сити" (Англия) - 2:2
Голдор: Златан Ибрагимович (41-мүнөттө), Рабьо (59-мүнөттө) - Кевин де Брейне (38-мүнөттө), Фернандиньо (72-мүнөттө).